Акысыз Укуктук Жардам Консультациялык Борбору

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору

1. Жалпы жоболор

1. Калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борбор (мындан ары – Борбор) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык юстиция башкармалыгынын алдында түзүлөт жана өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамда белгиленген максаттарга жетишүү үчүн ишке ашырат.

2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Борбор тарабынан калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнү жалпы координациялоону Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор (мындан ары – МКЮЖКБ) ишке ашырат.

4. Борбор өзүнүн ишинин алкагында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү системасынын бардык субъекттери менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат.

2. Борбордун милдеттери

5. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана качкындардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү;

- укуктук жактан корголуу деңгээлин жогорулатуу;

- жана калкты укуктук агартууну уюштуруу.

3. Борбордун функциялары

6. Коюлган милдеттерди аткаруу үчүн Борбор төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:

6.1. Ушул Жобонун 5-пунктунун 2-абзацында көрсөтүлгөн адамдарга акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнү төмөнкүлөр аркылуу уюштуруу:

- Кыргыз Республикасынын укуктук системасы жөнүндө маалымдоо;

- укуктун субъекттеринин укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымдоо;

- соттук жана соттон тышкаркы тартипте укуктарды ишке ашыруу жана аларды колдонуу ыкмалары жөнүндө маалымдоо;

- укуктук маселелер боюнча консультация берүү;

- укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардам көрсөтүү.

7. Борбор жарандык, административдик жана жазык сот өндүрүшүнүн бардык стадияларында жарандык, административдик жана жазык иштери боюнча жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана/же өкүлчүлүк болуу боюнча адвокаттын кесиптик иши менен байланышкан жардам көрсөтпөйт.

4. Борбордун ишин уюштуруу

8. Борбордун ишинде төмөнкүдөй консультант-кызматкерлер катышат:

- аймактык юстиция башкармалыгынын адистери, мамлекеттик нотариустар, МКЮЖКБнын координаторлору-адистери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин алкагында;

- акысыз келишимдик негизде Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын Мамлекеттик реестрине кирген адвокаттар, адвокаттардын жардамчылары.

8.1. Борбордун консультант-кызматкерлери туруктуу негизде Консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү тартибине ылайык жүргүзөт.

8.2. Борбордун иш графиги аймактык юстиция башкармалыгынын жетекчиси тарабынан бекитилет жана аймактык юстиция башкармалыгынын, мамлекеттик нотариалдык контараларынын, Борборлордун маалымат такталарында илинет, ошондой эле МКЮЖКБ менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайттарына жарыяланат.

8.3. Борборду МКЮЖКБ менен макулдашуу боюнча аймактык юстиция башкармалыгы тарабынан консультант-кызматкерлердин арасынан дайындалуучу жооптуу адам жетектейт.

8.4. Борбордун жетекчиси:

- Борбордо укуктук жардам көрсөтүү процессин уюштурат;

- Борбордун иш графигин түзөт жана аймактык юстиция башкармалыгынын жетекчисинин бекитүүсүнө берет;

- Борбордун аткарган иштери тууралуу отчетторду даярдайт.

9. Аймактык юстиция башкармалыгы:

- Борбордун ишине аймактык юстиция башкармалыгынын адистерин, мамлекеттик нотариустарды тартат;

- Борбордун ишин контролдойт;

- Борборду материалдык-техникалык жабдууну камсыз кылат;

- Борбордун ишине мониторинг жүргүзүүгө катышат;

- Борбордун ишинин келечектүү багыттарын аныктоого катышат.

10. МКЮЖКБ төмөнкүдөй жолдор аркылуу Борбордун ишин уюштурууга катышат:

- Борбор тарабынан Консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү;

- Борбордун ишине мониторинг жүргүзүү тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү;

- консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүдө зарыл болгон документтердин бланктарын жана отчеттордун формаларын иштеп чыгуу жана бекитүү;

- Борбордун ишинин келечектүү багыттарын аныктоо;

- Борбордун ишине МКЮЖКБнын координаторлорун жана Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын Мамлекеттик реестрине кирген адвокаттарды, адвокаттардын жардамчыларын тартуу;

- Борбордун консультант-кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу боюнча ишти уюштуруу;

- мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам көрсөтүү чөйрөсүндө кызыкдар субъекттер менен координациялык жолугушууларды уюштуруу;

- жарандарды укуктук агартуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;

- Борбордун ишине мониторинг жүргүзүү.

5. Корутунду жоболор

11. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.